Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Г.Нагызбекова окуудан тышкары айымдардын тырмактарын кооздоп берет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Гүлайым Нагызбекова окуусунан тышкары сулуулук салонунда айымдардын тырмагын кооздоп иштейт. Аймактык кабарчы анын иши менен таанышты.

«Талас шаарындагы Талас медициналык колледжинде окуйм. Өзүм маникюр жасоого кичинемден кызыкчумун. Маникюр жасоону ушул жылы январь айынан тарта үйрөнүп баштадым. Апрель айында жумушка кирдим. Сабак учурунда сабактан соң иштесем, жайкы эс алууда күндө иштеп жатам. Айына орто эсеп менен 5-6 миң сом табам. Колдонуучу курал-жарактарды ата-энем камсыздап беришти.

Тырмактарын жасаткан айымдар макташса абдан сүйүнөм. Тырмак жасалгаларын интернеттен көрүп, кардардын табитине жараша жасайм. Баалары ар кандай. Бүгүнкү күндө шлак 300 сом, гелдеп өстүрүү «чипса» 500 сомдон, гель менен өстүрүү 800 сом. Келечекте медицина тармагында дагы иштеп, бирок кызыккан ишимди улай чоң салон ачсам деген кыялым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 828
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×