Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Таластагы Эгемендик майрамынан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Талас шаарында Кыргызстандын эгемендик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, Талас өрөөнүн уюткулуу улуу журттун урпактары жердеген жана байманалуу калкы бар, теңир сүйгөн жер деп белгиледи. Мындан сырткары кытайлар менен арабдардын Таластагы согушу жана Чыңгызхандын Талас жергесинде курултай өткөргөнү бул жердин касиеттүү экенин далилдейт.

Ал эми, облус жетекчиси Д.Кенекеев жалпы элди куттуктап жатып, Тараз — Талас — Суусамыр автожолунун 3-фазасынын реконструкцияланып, ветеринардык лаборатория, мектептер жана аскерлерге үй салынып жаткандыгын белгиледи.

Салтанаттын жүрүшүндө Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар ардак грамота жана ыраазычылык баракчаларын алышса, айрымдары Талас облусунун ардактуу атуулу наамын алууга жетишти. Эгемендүүлүк майрамынын расмий бөлүгү аяктап, андан соң концерттик программа жана ат майданда ат оюндары уланууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×