Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Бала тили – бал: Эгемен майрамда эл жакшы көйнөктөрүн кийип, күлүп турушат, - 6 жаштагы Шахноза (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жашаган, Талас шаарында Эгемендик майрамына атайын келген 6 жаштагы Шахноза.

- Шахноз канча жаштасың?

- 6.

- Майрам деген эмне?

- Майрамдачы ырдайт, бийлешет, жакшы кийимдерин кийишет.

- Бүгүн эмне майрам?

- Эгемен майрам.

- Эгемен деген эмне майрам ошондо?

- Элдин баары жакшы көйнөктөрүн кийип, күлүп турушат. Ортодо сулуу кыздар бийлеп, ырдашат.

- Бүгүнкү майрам жактыбы?

- Ооба, жакты. Сок ичтим, шашлык жедим, шарик алдым.

- Дагы сага жаккан эмнелер болду?

- Дагы мага бийлеген кыздар жакты, дадагамды ырдаган жакты.

- Шахноза мамлекет деген эмне?

- Биз жашаган жер.

- Сен каякта жашайсың?

- Кызыл-Адырда.

- Кызыл-Адырды жакшы көрөсүңбү же Кыргызстандыбы?

- Кызыл-Адырды биринчи, анан Кыргызстанды.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Чоңойгондо милиция болгум келет.

- Милициялар эмне жумуш кылат?

- Алар элдерди кайтарат. Дайыма майрамдарда жүрөт. Бирок алар кишилердин көзүнчө тамак жешпейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1555
Көп окулду
×