Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Жаш талант: Кара-бууралык Б.Макулбеков манасчылык өнөрү менен сынактарда ийгилик жаратууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 18 жаштагы тургуну Бактияр Макулбеков «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Кыргызстан таланты 2015» сынагында баш байгени, «Миң жылдыз», «Жаш талант» сынактарында, «Достук шаңы» фестивалында 1-орундарды, Соң-Көлдө өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгында манасчылар сынагында, быйыл Ысык-Көлдө өткөн сынакта 2-орундарды ээлеген. Мындан тышкары, райондук, облустук сынактардын жеңүүчүсү. Устаты — Камил Мамадалиев.

«Мектептен сынактарга катышып жүрүп, «Манас» айтып калдым. Башында жеңилип жүрдүм, кайгырган күндөрүм көп болду. «1% талант, 99% аракет» дегендей көп окуп аракеттендим. Манас ааламына жуурулуп, кызыгуум ашты. «Аяны жок баян жок» дегендей түшүмдө аян алдым.

Китептерден көп окуп, маани-мазмунун түшүнүп, жамактап айтам, жаттап дагы айтам. Дүйнөлүк көлөмдүү эпопея «Манас» эпосуна кирип, анын айтуучусу болгонума сыймыктанам. «Манас» айтуу менен кошо элдик оозеки чыгармаларды аткарам. Дастан айтуу, комузда кол ойноткон жана төкмөлүк жагым бар. Терме, санат, элдик ырларды аткарып, элдик чыгармачылыкка басым жасайм. Дайым изденүүнүн артындамын. Ата-энем бардык тараптан камсыздап, дайым колдошот. Бир туугандарым дагы менин аркамдан кызыгып, комуз үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Манасчы үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1279
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×