Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралыктар талаада төө буурчак жыйнап, күнүнө 900 сомдон акы алышат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургундары төө буурчак жыйнап иштеп, күнүнө 700 сомдон 900 сомго чейин акы алышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Талаада иштегендердин бири Султо Какалованын айтымында, төө буурчактар бышкан кезде жыйноо иштерине жумушчулар керек болот. Алар эртең мененки саат 7:00дөн тартып, кечки 17:00гө иштешет.

«Биз үй-бүлөбүз, кошуналарыбыз менен жалпы 15 кишиден турган топ түзүп алып, жыл сайын күз мезгилинде төө буурчак жыйноого чыгып келебиз. Биз бул убакыт аралыгында бир топ киреше таап алабыз. Бизде андан башка жумуш жок. Болгону чарбагыбызга жашылча-жемиш өстүрүп, андан дагы киреше алабыз. Бизге көбүрөөк киреше ушул төө буурчак жыйноодон түшөт. Түшкү тамагыбызды өзүбүз алып келебиз. Жумуш берүүчү бизге эмгек акыбызды гана төлөп берет»,- деди ал.

Быйыл Кара-Буура районунда жалпы 3706 гектар жерге төө буурчак эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×