Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Алыска чуркоо боюнча Кыргызстандын 17 жолку чемпиону Бердигул Сокулуктагы мелдеште 1-орунду алды (фото)

Turmush -  Алыска чуркоо боюнча Кыргызстандын 17 жолку чемпиону Айтпай уулу Бердигул Чүйдүн Сокулук районунда өткөн мелдеште 100 баланын ичинен биринчи болуп келди. Ал 1989-жылы 6-декабрда Талас облусунун Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Ал спорттун алыска чуркоо түрү менен 2008-жылдан бери машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырган. Аймактык кабарчы таластык жөө күлүк Айтпай уулу Бердигул менен таанышты.

«Мен 2014-2015-жылдары Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерден күмүш медаль алып, 2015-жылы Кытайдын Гуйян шаарында өткөн дүйнө биринчилигине катышкам. 2016-жылы Өзбекстанда өткөн мелдеште коло байгеге ээ болгом. Ал эми өлкө ичинде бир топ мелдештерге катышып, Кыргызстандын 17 жолку чемпиону болдум. 2017-жылы эл аралык мелдеште 10 чакырым аралыкка чуркап, 1-орунду жеӊип алсам, жакында Сокулук районундагы республикалык мелдеште 100 баланын ичинен 1-орунду багындырдым. Мында 5 чакырым аралыкка чуркадык», - деди ал.

Спортчу бир күндүк машыгуу эрежесин айтып берди.

«Эртеӊ менен туруп, саат 6:00дөн баштап 3-6 чакырымга чуркайм. Андан соң буттарымды жакшылап чоюп, 100 метрге катуу ылдамдыкта чуркагандан кийин тамак ичип эс алам. Кечинде машыгуу оорлойт. Алгач 3 чакырымга чуркайм. Андан кийин 1 чакырымга тез жана жай чуркайм. Бирок машыгуум окшош болбойт. Чакырымдар алмашып турат», - деди ал.

Бердигул үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

«Өзүм 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Сүйүктүү ата-энем, жубайым жана бир кызым бар. Келечекте 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиадага катышсам деген максатым бар. Ага катуу аракет кылып баштадым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1186
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×