Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Фото - Таластык мугалим эл аралык сынактан 2-орунду ээлеп келди

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы мектептин мугалими Автандил Назаркулов Россиянын Москва шаарындагы эл аралык сынактан 2-орунду ээлеп келди. Бул сынакка 20 өлкөдөн тандалган орус тилчи мугалимдер катышканын аймактык кабарчыга сүйүнчүлөдү.

Анын жүрүшүндө Австралия, Палестина, Казакстан, Өзбекстан, Египет жана башка мамлекеттердин орус тилчилери өз тажрыйбалары тууралуу эссе жазып, атайын тесттен өтүшкөн. Анын жыйынтыгы менен финалга 12 мугалим чыгып, алардын арасынан А.Назаркулов 2-орунга татыктуу болгон. Муну менен ал Москвадагы А.Пушкин атындагы мамлекеттик институтта квалификациясын акысыз жогорулатмай болду.

А.Назаркуловдун окуучулары орус тили жана адабияты сабагында облустук жана республикалык олимпиадаларда, фестивалдарда жана эл аралык көркөм окуу, эссе жазуу сынактарында эң алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Аман Арстанов мектебинде 25 жылдан бери эмгектенүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу