Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Көк-Кашат айылында электр чубалгылар тартылган карагайлар чирип, кулайын деп калды (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылындагы Сейдалы көчөсү менен К.Кайнаев көчөсүндө 17 түтүн үйгө электр жарыгы карагай жыгачтарга тартылган чубалгылар аркылуу өтөт. Учурда ал карагайлар чирип, кооптуу абал жаратып жатканын жашоочулар айтып чыгышты.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, аталган карагайлар 1998-жылы биринчилерден болуп отурукташкан тургундар тарабынан орнотулган. Жашоочулар белгилегендей, учурда айылга электр жарыгы да жакшы берилбей калды. Айрым учурда ток күчтүү болсо, айрым күндөрү чырак сыяктуу гана жарык берилет. Ошондой эле, тамак-аш бышыруу учурунда электр жарыгына байланыштуу ар кандай көйгөйлөр жаралып келет.

«Бул көйгөй боюнча бир катар органдарга кайрылдык. Бирок эч кандай жылыш болгон жок. Алдыда кыш келе жатат. Чириген карагайлар качан кулап, кимди басып калат деп коркуп отурабыз. Биздин айылдагы эл үчүн ушул чоң көйгөй болууда», - дешет жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу