Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Фото — Таласта «Ширге-Жыяр» фестивалы өттү

Turmush -  Талас районунун Р.Айдаралиев айыл аймагында «Ширге-Жыяр» фестивалы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Фестиваль Көпүрө-Базар айылындагы Ак-Кайың токоюнун жээгинде уюштурулуп, ага облустук, райондук жетекчилерден тартып, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан органикалык аймакка кирген айылдардын дыйкан-фермерлери катышып, өздөрү өндүргөн айыл чарба продукцияларын көргөзмөгө коюшту. Иш-чара жергиликтүүлөрдүн концерттик программасы менен коштолуп, тушоо кесүү салты көрсөтүлдү.

Иш-чарага социалисттик эмгектин баатыры И.Осмонкуловдун байбичеси — 97 жаштагы Гүлайша апа да катышып, мурун бул майрам жакшы маанайда белгиленип келгенин билдирди.

«Илгери малчылар жайлоолорго көчүп, жайлап, күзүндө кыштоодон келгенде айыл элин чакырып, ала келген кымызынан ооз тийгизген. Артканын кийинки жылга көрөңгө катары алып коюп, аман-эсен жайлап келдик деген мааниде ушул майрамды өткөрүп келишкен. Эми бул майрам Таласта кайра жанданып жатканы кубандырат», - деди Гүлайша апа.

Бул иш-чаранын алкагында облустун аймактарынан келген кол өнөрчүлөр дагы өз эмгектерин көргөзмөгө коюп, мастер-класстарды өткөрүштү. Мындан тышкары, унутта калып бара жаткан улуттук суусундуктарды жайылтуу максатында эки казанга курма чай жана жарма жасалып, катышуучуларга таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу