Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Залкар комузчу Ш.Шеркуловдун өнөрүн небереси улантып келет

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынан чыккан айтылуу комузчу Шекербек Шеркуловдун өнөрүн небереси улантып келет. 23 жаштагы Бакыт Намазбеков жогорку билим алып, экономист кесибине ээ болгону менен комуздан ажырабайт.

Ошондой эле, ар кандай сынактарда алдыңкы орундарды камсыздап келет. Анын таланты менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кичинебизден эле атам Намазбек Шеркулов комузда ойноп, кулагыбызга күүлөрдү сиңирген экен. Ал төрт тарабы төп келген күүчү, обончу, төкмө акын жана аткаруучу болгон чоң атасы Шекербек Шеркуловдон үйрөнүптүр. Учурда чоң атама таандык "Арзыкан", "Жүрөк толкуйт" күүлөрүн чертип жүрөм.
Комузумдун арты менен көп жерди көрдүм. "Эл ичи — өнөр кенчи" сынагында 1-2-орундарды камсыздап жүрүп, бир катар сынактарда байгелүү орундарды алгам. Учурда жогорку окуу жайды аяктап, экономист болуп эмгектенип жатам. Бирок колумду көндүрүү үчүн комуз менен күн сайын машыгып турам. Комузду кармабай калсам колум көнбөй калгандай сезимдер болот. Комуз чертип жатканда рахат алып, күүнү сезип, кошо аралашкандай болот. Өнөр берилген соң аны таптап кетүү өзүбүздүн колубузда», - деди талант ээси.

Бакыттын ата-энеси балдарга музыка боюнча билим берүү менен алектенишет. Ал 2 бир туугандын улуусу. Карындашы Айжамал Намазбекова да экономист кесибине ээ болгон жана комузда ойнойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу