Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Б.Жабагиев 16 жашынан аралашкан көк бөрү — жашоосунун негизи (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун тургуну Бактияр Жабагиев көк бөрү оюнуна 16 жашынан тарта аралашкан. Учурда 28 жаштагы көк бөрүчү жашоосун атсыз, көк бөрүсүз элестете албайт. Ал Кара-Буура районунун Арчагул айылында төрөлүп, ошол жерде өскөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, улакчылыкка кызыгуусуна атасы себепкер болгон.

«Көк бөрүгө 16 жашымдан тарта кызыгып аралаштым. 2004-жылы "Ынтымак " командасына кошулуп, ат үстүндө ойноп келем. Жакшы көрсөткүчүбүз менен коңшу өлкөлөргө барып беттешип келген учурлар болот. Ал жактан куру кайтпай, ийгилик менен келебиз», - деди улакчы.

Улакчылар командасы менен оюнга аз калганда машыгууларды тынымсыз улантышат. Мине турган аттарынан тарта кийген формаларга чейин жогорку даярдыкта болушу керек.

«Кээ бир учурларда эртең оюн деген күнү жаракат алып калган учурлар болот. Оюн учурунда тай казанга улак менен кошо өзүм түшүп кеткен окуялар да болгон», - деп кошумчалады.

Өзү кичинекей кезинен көк бөрүгө кызыккандыктан бул өнөрүн балдарына да үйрөтүүнү каалайт. Учурда 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 984
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×