Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Кара-Буурадагы Т.Бабанов атындагы лицей-интернат 350 миң сомдук китептер менен камсыздалды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицей-интернат 200дөн ашуун окуучуга билим берүүнү баштады. Жыл санап окуучулардын саны өсүп жаткандыктан лицейдин китеп фондун көбөйтүү жана кошумча эмеректер менен толуктоо зарылчылыгы чыккан.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен фонддордун бири тарабынан лицейге жалпы суммасы 350 миң сомдук окуу китептер, кышкыга карата жылуулукту камсыздоочу генератор берилип, 1 класстык бөлмө парта жана отургучтар менен толук камсыздалды.

Лицейдин жетекчилигинин билдирүүсү боюнча, лицей-интернатта билим берүү менен катар алыскы аймактардан келген окуучуларга жатып окууга шарттар түзүлгөн. Учурда интернаттын жатаканасында 60 бала бар. 

Ошондой эле, Боо-Терек айылындагы № 41 кесиптик лицейдин спорт аянтчасынын аймагын толугу менен тосмолоп чыгуу үчүн фонд тарабынан 150 миң сом бөлүнүп, көп жылдан берки ачык турган 160 метрден ашык аймак тосулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 500
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу