Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык 26 жаштагы Урматбек коён багып, ар бирин миң сомдон сатат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 26 жаштагы тургуну Урматбек Сулпокоров коён багып, ар бирин 1 миң сомдон сатат. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бир коён 6,5 кг эт берет.

«Мен 8 айдан бери коён багып келем. Буларды базардан 500 сомдон сатып келип көбөйттүм. Азыркы убакта 10дон ашык коён багып жатам. Ай сайын жалпы 10дон ашык бөжөк туулат. 1 жылда алардын санын 100гө жеткирсе болот. Коёнду көбүнчө союп жейбиз, эти абдан даамдуу болот. Сатып алып кеткендер да бар. Ар бирин 1 миң сомдон сатам. Буларды үкөккө баккандан көрө, орого баккан ыңгайлуу экен. Көп кыйынчылык деле жаралбайт. 3 маал чөп, 1 маал суу берип турам», - деди Урматбек.

Урматбек Сулпокоров 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1111
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×