Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Видео, фото - Таластагы акыл-эсинен жабыркаган балдар интернатынын тарбиялануучусу кош бойлуу

Turmush -  Акыл-эсинен жабыркаган кыз кош бойлуу экени белгилүү болгондон кийин Бакай-Ата райондук прокуратурасы көзөмөл жүргүзүп жатат. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 19 жаштагы кош бойлуу кыз Таластагы акыл-эсинен жабыркаган балдар тарбияланган интернатта тарбияланып жаткан.

Жабырлануучу учурда Бакай-Атадагы карылар жана майыптардын мекемесинде баш калкалоодо. Анын 5 айлык кош бойлуу экени мектептин жамаатына мындан бир ай мурун гана белгилүү болгон. Бул окуя тууралуу интернаттын директору Кенжалы Орозалиев кабарчыга айтып берди.

«Эмгек өргүүдөн келсем кыз бир аз толуп калыптыр. Эмне болгонун кызматкерлерден сурасам тамакты көп жеп жатканын айтышты. Шек санап, доктур чакыртып текшертсем төрт айлык боюнда бар болуп чыкты. Сураштырсак кыз "мен үйгө барганда таежем оорукчан баласы менен таштап, күйөөсү экөө Бишкекке кеткен" деди. Кыздын айтымында, ошол убакта бөлөсү зордуктаган», - деди К.Орозалиев.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын райондук прокуратура билдирди. Бакай-Ата районунун прокурору Замир Жумабековдун айтымында, тергөө иштеринде кыйынчылыктар жаралып жатат.

«Кыз акыл-эсинен жабыркагандыктан тергөөдө берген көрсөтмөлөрү ар башка болууда. Ал эми, тергөө учурунда кыздын жанында социалдык кызматкерлер жана педагогдор болушат», - деди прокурор.

Ал эми, кылмышка шектелип жаткан баланын апасы — жабырлануучу кыздын бир тууган таежеси С.К. жээнинин көрсөтмөсүн жалган жалаа деп сыпаттап, уулунун күнөөсүз экенин айтууда.

«Бул ишке баламдын эч кандай күнөөсү жок. Мен маалымат берүүдөн баш тартам. Кыз башка адам тууралуу көрсөтмө бергендиктен биздин иш жабылган», - деди С.К.

Акыл-эсинен жабыркаган балдар тарбияланган интернаттын кызматкерлеринин айтымында, кыз эс алуу учурунда таежесинин үйүнө барып-келип турчу. Бул окуядан кийин ал Бакай-Атадагы карылар жана майыптар жашаган жерге убактылуу которулганын бул мекеменин жетекчиси Манапбай Казакбаев айтты.

«Кыз бизге 8-августта Бакай-Атадагы социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан алынып келген. Азыр  бизде убактылуу жашап жатат. Бүгүнкү күндө абалы жакшы, медициналык кароодон өткөрүштү. Райондун социалдык кызматкерлери документтерди тууралап берсе, биздин мекемеге алып калабыз», - деди М.Казакбаев.

Таластын Кара-Буура районунда төрөлгөн жабырлануучу кыз 11 жашынан тарта акыл-эсинен жабыркагандар жашаган интернатта тарбияланып келет. Мекеменин жамааты 2-топтогу майып кыз быйыл мектепти аяктаганын, бирок жакындары аны алып кетпегенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4936
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×