Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Талды-Булак айылында эмгектин алдыңкыларынын айкелдери тургузулду

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылында №113 асыл тукум жылкы заводунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон 10 адамдын айкелдери тургузулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жылкы заводдун 80 жылдык мааракесинин алкагында Искендер Осмонкулов, Айымбү Орозалиева, Ыдырыс Орозалиев, Токтоболот Кулматаев, Сырмамбет Ибраимов, Кыдыралы Шыгаев, Кожомкул Ибраимов, Чоробай Кудайбергенов, Нурмамбет Ибраимов жана Кеңешбек Бегалиевдердин айкелдери айылдын борборуна орнотулду.

И.Осмонкулов айыл аймагынын башчысы Улан Кудайбергеновдун билдиргенине караганда, бул инсандардын айкелдерин тургузууда алардын жакын туугандарынын каржылык колдоо көрсөтүштү.

Социалисттик эмгектин баатыры Искендер Осмонкуловдун 99 жаштагы байбичеси Гүлайша Осмонкулованын айтымында, мындагы инсандар өз учурунда айылды жана андагы №113 асыл тукум жылкы заводунун түптөлүшүнө чоң салым кошкон. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×