Turmush — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоорунун алкагында долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштады.
«Уюм тарабынан Жогорку Кеңештин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга, анын мыйзам актыларынын, ошондой эле өкүлчүлүк милдеттеринин аткарылышын жакшыртууга колдоо көрсөтүлдү. 2010-жылдагы конституциялык референдумдун натыйжасында Кыргыз Республикасы аймактагы бирден-бир парламенттик демократия болуп калды. Ага ылайык, улуттук өнүктүрүү стратегияларын түзүүдө жана аларды аткаруу мониторингинде парламентке орчундуу роль ыйгарылды. Жетишилген ийгиликтерге карабастан парламенттик башкаруунун ар тараптуу жана жоопкерчиликтүү системасын түзүү жолунда дагы бир катар маселелер бар», - деп айтылат БУУнун Өнүктүрүү программасынын билдирүүсүндө.
Кыргызстанда парламенттик демократияны дагы чыңдоо максатында аталган программа тарабынан он жылдык «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору тандалып алынды. Долбоор Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги тарабынан иштелип чыгып каржыланууда.
«Долбоор парламентке бийликтин аткаруучу бутагына көзөмөлдүк кылууну жана жарандар үчүн чечимдерди кабыл алуу жана саясатты иштеп чыгуу процессине катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну, ошондой эле жарандык коомдун субъекттеринин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик органдарынын бир кыйла натыйжалуу мониторингине жана жоопкерчиликтүүлүгүнө таасир этүү укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү шарттайт. Бул жарандардын парламентти жана өкмөттү жоопкерчиликке чакыруусун жана бир кыйла жеткиликтүү, натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкарууну камсыздайт. Бул максаттарга жетүү үчүн долбоор Жарандык демилгелер фонду долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт», - деп айтылат билдирүүдө.
Документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 9-октябрына чейин улантылат.
Расмий сайттан толук маалымат алуу үчүн бул шилтемени басыңыз. Долбоордун координатору Айгүл Байбураеванын электрондук дареги — aigul.baiburaeva@undp.org.