Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Талас

Видео — Таластык бийчилер Кипр менен Түркиядагы фестивалга катышып келишти

Turmush -  Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунун 2 ансамбли Кипр жана Түркияда өткөн бий фестивалга катышып келишти. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Чолпон Сарыгулова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 4-сентябрда башталган.

«Бийчилер алгач Кипрдагы Никосия шаарында, кийин Түркиянын Афьон-Карахисар шаарында улуттук 6 бий көрсөтүштү. Фестивалда ыраазычылык кат, дипломдор менен сыйланышты. Түркияда жашап, иштеген памирлик кыргыздар бизди тосуп алып, Түркиядагы маданий имараттарга саякат уюштуруп, сый тамак бергени бизге өзгөчө сый болду. Алар менен бирге Манас атабыздын Стамбулда жаңы орнотулган айкелинин алдында «Манас» айтылып, комуз ойношту. 11-сентябрда Таласка кайтып келдик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1058
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×