Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Талас

Бакыянда Эчкили жайлоосуна кетүүчү жолдо көпүрө курулууда

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагында Эчкили тоосуна баруучу жолдогу сууга көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, көпүрө курууга жалпы 1 млн 350 миң сомго жакын каражат каралган. Мындагы иштер 15 күн мурун башталып, өз маалында бүткөрүү үчүн жергиликтүү техникалар да тартылган. Талас суусу болгону 10-15 күнгө гана тартылат. Ошол маалда анын нугун башка жакка буруп, курулушту тез арада аягына чыгаруу зарыл.

Тургундардын айтымында, айыл аймактагы элдин малынын 80%ы Эчкили жайлоосунда багылат. Буга чейинки эски көпүрө кирген сууга туруштук бербей жараксыз абалга келип, 2015-жылы аны суу алып кеткен. Элеттиктер ар кимиси чамасына жараша аркы өйүзгө өтүп, малын багып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1453
Көп окулду
×