Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Манастык К.Кутманалиев дендропаркта конок үй ачып иштетип жатат (фото)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 46 жаштагы тургуну Кушубак Кутманалиев айылындагы дендропарктын ичинде жайкы конок үй иштетип, меймандарга таш кордо даярдайт. Аймактык кабарчы ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, дендропаркты атасы Айдарбек Кутманалиев негиздеген.

«Атам дендропаркты негиздеп, 3 уулуна бөлүп берген. Паркты көрөбүз деп коноктор келет. Бирок отуруп эс алып, тамак ичкен жер болбогондуктан бир бурчуна жайкы эс алууга деп боз үй тиктим. Конок үйлөрдү быйыл 12-июнда ачтык. Атабызга арнап эскерүү кечесин өткөрдүк. 2 боз үй коноктор үчүн тигилди. Ашпозчулукта окуп жаткан уулум тамак жасап берди. Таш кордо, куурдак, лагман жана башка тамактарды сунуштап жаттык. Кичүү уулум конокторду тейлеп жатты. Бул аракетибизде акча жагына басым жасаган жокпуз. Атабыз куруп кеткен эмгегин элге көрсөтүп, өнүктүрүп, ичинде адамдар өзүн бактылуу сезишсин деген ниет болду. Алдына алты бакан селкинчек жасаганбыз. Футбол, волейбол аянтчалары да бар. Алдыда чакан бассейн жана балдар үчүн аянтча орнотобуз деп турабыз. Келечекте тамактануучу, эс алуу үчүн коопсуз жай курсак деген үмүтүбүз бар», - деди ал.

Ишкер жубайы Индира Алишерова экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2707
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 46 адам окуп жатат)
×