Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Райымбеков өстүргөн калемпирди экспорттоп, 250 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Манас районунун Чоң-Капка айылынын 49 жаштагы тургуну Аскар Райымбеков өстүргөн калемпирлерин Казакстан, Россияга экспорттоп, 250 миң сомго чейин киреше табат. Дыйкандын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биздин райондо калемпир ар бир үйдө өсөт. Себеби башка жерге салыштырмалуу бизде күн ысык. Калемпирди 1991-жылдан баштап өстүрө баштадым. Ошол мезгилден тартып түшүмдү Россияга, Казакстанга экспорттойбуз. 60 сотых жерден быйыл 20 тонна түшүм алып, анын 1 кг салмагын 13 сомдон өткөрдүк.

Биринчи март айында парник даярдайбыз. Май айында калемпирди жерге отургузуп, август айында түшүм ала баштайбыз. Алгачкы түшүмдүн өңү сары болсо, азыр 100% кызыл калемпир алып жатабыз. Биздеги калемпирдин сорту «Ласточка» деп аталат. Россияда бул калемпирди «Талас ласточкасы» деп баалашат экен. Анткени биздин калемпирлер тез-тез сугарылып, эти калың болот. Күн ысыкта жумасына бир жолу сугарсак, салкын кезде 10 күндө бир сугарабыз. 3 жолу чөбүнөн арылтып, чабабыз. Кыргыз гумат, селитра жана башка жер семирткичтерди пайдаланып жаттык. Түйшүгү көп, кошумча күчтөрдү дагы талап кылат. Жаш баладай багылат, тез-тезден ооруп турат. Учурда кийинки жылга үрөн даярдап баштадык. Быйыл калемпирден 260 миң сом киреше таптык, анын 60 миң сому өстүрүүгө коросо, калган киреше жылдык тамак-ашыбызга жетет», - деди ал.

Учурда жубайы Күмүшкан Дүйшөналиева экөө 1 уул жана 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×