Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Манас районундагы «Шайыр апалар» тобу жердештерине алгачкы концертин тартуулады (фото)

Turmush -  Манас районундагы «Шайыр апалар» тобунун түзүлгөндүгүнө аз гана убакыт болсо да, андагы апалар өз өнөрлөрүн жердештерине тартуулап, концерт коюшту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун 5 айыл аймагынан таланттуу жана өнөрлүү 25 апа тандалып, «Шайыр апалар» тобу түзүлгөн.

Концерттин жүрүшүндө таланттуу апалар обонду ырларды аткарып, «Манас» эпосунан үзүндү, макал-лакап айтышты. Ошондой эле, улуттук бийлерди жана улуттук кийимдердин модасын көрсөтүп, залда отургандардын өзгөчө колдоосуна ээ болушту. «Шайыр апалар» тартуулаган концерт жакшы маанайда өтүп, район акими Б.Дүйшөбаев аларга каржылык колдоосун көрсөтүп жана ийгилик каалады.

Манас районунун акиминин орун басары Гулнара Садырованын айтымында, мындай деңгээлдеги концертти уюштурууга жана өткөрүүгө райондук мамлекеттик администрация көмөк көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 944
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 30 адам окуп жатат)
×