Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.09.2017 19:15

Айыл турмушу: Бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону Ислам 50 медалдын ээси болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 22 жаштагы тургуну Дастан уулу Ислам бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана 50 медалдын ээси. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дастан уулу Ислам 1995-жылы Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Ал 1-классынан бери спорт менен машыгып келет.

«Менин спорт менен машыгып, мелдештерде ийгилик жаратып жүргөнүмө быйыл 10 жыл болду. 10 жыл мурун дос балам экөөбүз азыркы машыктыруучум Мурат Бапышовдун колуна барып машыга баштаганбыз. Алгачкы убакта мелдештерге чыгып жүргөндө кыйынчылыктар болду. Бирде жеңилсем, бирде жеңилип жүрдүм. 18 жашка чейин өзүмө тажрыйба топтоп, 20 жашымдан баштап эл аралык оюндарга чыктым. 2014-жылы Түркмөнстандан, 2016-жылы Казандан байгелүү орундарды алып келдим. Ал эми, Кыргызстан ичинде бир катар мелдештерге чыгып, 3 жолу чемпион болууга жана алтын курду тагынууга жетиштим. Жалпысынан 50дөй медалым, бир катар грамоталарым бар», - деди ал.

Ислам үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×