Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Армрестлинг боюнча чемпион А.Бердикулов Якутияда машыгууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 21 жаштагы тургуну Абидин Бердикулов армрестлинг боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда таяк тартыш боюнча Якутияда тажрыйба топтоодо.

«Кол күрөш менен 2012-жылдан бери машыгам. Кыргызстандын 3 жолку чемпионумун. Салбурунга катышып жүрүп, жаа атууну да үйрөндүм. 2014-жылы жана Экинчи көчмөндөр оюндарында жаа атуу боюнча мелдешке катыштым. Келечекте спорт менен катар улуттук оюндардын өнүгүүсүнө салым кошкум келет. 2015-жылдан баштап таяк тартыш менен алектене баштадым. Таяк тартышка 60 кг салмак менен чыгам. Учурда тажрыйба топтош үчүн Якутиядамын.

Өзүм кичинемден атам менен чогуу тайган багам. Тогокуш деген тайганым 2009-жылдан 2014-жылга чейин биринчиликти берген жок. 2014-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында 1-орунду алды. Учурда 9 тайган багабыз», - деди ал.

Спортчу үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 856
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 49 адам окуп жатат)
×