Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Кышта Талас облусуна 55 миң тоннадан ашык көмүр керектелет

Turmush -  2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата Талас облусуна 55 миң 700 тонна көмүр керек болсо, азыр анын 29 миң 546 тоннасы ташылып келди. Бул тууралуу облус жетекчисинин орун басары Ч.Төрөкулов маалымдады.

Анын айтымында, көмүрдөн тышкары 1500 тонна мазут керек болсо, анын 820 тоннасы ташылып келди. Калган отун октябрь айынын ичинде алынып келет. Көмүрлөр негизинен Казакстандан жана Кара-Кечеден ташылууда.

Талас жылуулук менен камсыздоо ишканасынын маалыматына караганда, аларга караштуу 6 откана бар. Анын үчөө көмүр менен, ал эми бирөө мазут менен жылытылат. Жайкы мезгилде отказандар толук капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×