Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Жазуучу жана котормочу А.Жакыпбековду эскерүү

Turmush -  Жазуучу жана котормочу, Ч.Айтматовдун айылдашы Ашым Жакыпбековду бир тууган жеңеси Күлапия Рыспаева эскерди.

Анын айтымында, Ашым Жакыпбеков 1935-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Окууну 1943-жылы Шекердеги 7 жылдык мектептен баштап, 1953-жылы Фрунзедеги №5 кыргыз орто мектебинен бүтүргөн. Тестиер кезинен адабиятка шык алып, адабий чыгарма жазууга кызыгат. «Кыргызстан пионери» гезити Ашым Жакыпбековду талпынткан уясы десе болот. Алгачкы кабар-макалалары 6-7-класстарда окуп жүргөндө жарыкка чыга баштайт.

1951-жылы 7-класста окуп жүргөн кезинде «Кыргызстан пионери» гезитинин 1-майга арналган санына «Биринчи май» деген ыры жарыяланган. 1950-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик университетинде окуп жүрүп, гезит-журналдарга бир топ ыр аңгемелерин чыгарган.

1953-жылы орто мектепти бүтүрүп, ошол эле жылы университеттин филология факультетине кирип, аны 1958-жылы бүтүп чыккан. 1958-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыяланган «Салима» аттуу аңгемеси бүгүнкүгө чейин Совет өлкөсүндө көп тилдерге которулду. Ушул учурда жазуучу Ашым Жакыпбековдун өмүр баянынын башталышы десе болот. «Салимадан» кийин «Жаралуу көгүчкөн», «Айгашка», «Биз атасыз өскөнбүз» деген аңгемелери «Ала-Тоо» журналына басыла баштайт.

Ашым Жакыпбековдун жазуучулук ысымы кыргыз адабиятында 1960-жылдардын башында кадыресе угула баштаган. Университетти бүткөн соң Ашым Жакыпбеков «Ала-Тоо» журналынын редакциясында адабий кызматкер, 1958-1961-жылдары Шекер айылында мугалим, 1961-1962-жылдары Кыргызстан мамлекеттик басма комитетинин редактору, 1963-1965-жылдары «Мектеп» басмасында балдар адабият редакциясынын башчысы болуп иштейт.

Алгачкы китеби «Жараланган көгүчкөн» деген ат менен 1961-жылы «Мектеп» басмасынан чыккан. Кийин «Катаал багыт», орус тилиндеги «Суровый путь» (1966-жыл) китеби жарык көргөн. Ушул эле мезгилдин ичинде бир топ аңгеме-повесттери совет элдеринин бир топ тилдерине которулуп, «Айгашка» деген аңгемеси чех тилине которулуп чыкты.

Ашым Жакыпбеков котормо ишинде да ийгиликтүү иштеген. С.Цвейгдин таңдалган новеллары «Бейтаныш аялдын каты» деген ат менен (1965-жыл), М.Ю.Лермонтовдун «Биздин замандын уулу» (1970-1980-жылдар), А.М.Горькийдин «Азган-тозгондор түпкүрдө» (1977-жылы, Ош театры) аттуу классикалык чыгармаларды кыргызча которуп чыккан.

1969-жылдан бери Ашым Жакыпбеков «Кыргызфильм» киностудиясында иштеген. Кийинки жазган «Айдагы жезкемпир» повести 1981-жылы «Ала-Тоо» (№12), ошол эле жылы «Кыргыз жеринин жомоктору» деген китепте «Мектеп» басмасынан чыкты. Ашым Жакыпбеков КПССтин мүчөсү, СССР жазуучулар Союзу менен СССР кинематографисттер союзунун мүчөсү да болгон.

Кара сөз менен жазылган «Теңири Манас» романы «Ыйман-Инсан» фонду тарабынан 50 миң нуска менен чыгарылды. Бул Манас мааракесине карата болгон эң көрүнүктүү адабий жаңылык болгон. Ашым Жакыпбеков тарыхта «Манасты» кара сөзгө айланткан биринчи жазуучу-манасчы катарында калат.

Жазуучу-манасчы, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ашым Жакыпбеков «Теңири Манастай» залкар роман эле эмес, көңүл кушун көкөлөтөр лирика дагы жазган. Анын «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминдеги «Издеп жүрөм» (обону М.Рыскулбеков, аткаруучу Г.Мамашева) жана «Көчө» көркөм тасмасындагы «Аппагым» деген ырлары азыркыга чейин ырдалып келет.

Манас гимнинин автору Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына карата 2015-жылы Шекердеги Күркүрөө маданият үйүндө өзүнүн музейи ачылды. Ал жердеги уюштуруучулар 1 айдан ашык изденүүнүн жыйынтыгында колдонгон буюмдарын чогултушкан. Бүгүнкү күндө жазуучунун ысымы Кара-Буура райондук китепканасына ыйгарылган.

А.Жакыпбеков котормочу катары Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын орусчадан кыргызчага которгон.

- 1978-жыл, «Гүлсарат»;

- 1978-жыл, «Эрте келген турналар»;

- 1978-жыл, «Ак кеме»;

- 1981-жыл, «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт»;

- 1981-жыл, «Делбирим»;

- 1983-жыл, «Кылым карытар бир күн»;

- 1987-жыл, «Кыямат» 1-2-бөлүгүн Ашым Жакыпбеков которгон. 3-бөлүгүн Аман Токтогулов которгон;

- 1978-жыл, «Фудзиямадагы кадыр түн»;

- 1978-жыл, «Кызыл алма»;

- 1981-жыл, «Ботокөз-Булак».

Тасмалары: «Айдагы жезкемпир», «Көздүн кареги», «Ысык-Көлдүн кызгалдагы».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 911
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×