Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Бакай-Атада тоодо калган 8 чабанды издеп жатышат

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Акназар айыл аймагынын Күмүш-Так ашуусунда калың кар жаагандыктан 8 чабан 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган аймакка кар 30-сентябрь күнү жааган. Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынан 10, Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3, Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылды. Талас облусунан барган куткаруучулардын тобу кар көп жаагандыгына байланыштуу ашуудан өтө албай, 3-октябрь күнү саат 19:15те ӨКМдин Кара-Буура райондук бөлүмүнө, ал эми Токтогул районунан барган куткаруучулар тобу саат 19:40 чамасында туруктуу ордуна кайтып келишти.

Кечээ, 3-октябрь күнү саат 18:40та Таш-Көмүр шаарынан №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу чыгып, саат 23:00дө Токтогул шаарчасындагы аскер комиссариатына жайгашты. 3-октябрда саат 21:00дө ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги астында 4 кишиден турган топ чыгып, саат 00:40та аталган аскер комиссариатына келишти. Издөө-куткаруу иштерине жалпы 20 адам тартылып, 4-октябрь күнү саат 05:48те куткаруучулар тобу аталган аймакка жөнөп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2721
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×