Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Эгиздер: Айпери менен Нурпери волейбол ойногондо атаандаштары тааныбай чычалашат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 17 жаштагы эгиздер Айпери менен Нурпери Орозматоваларды тааныштары калдарынан айырмалашат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Айпери: «Апамдын айтымында мен 2,5 кг, Нурпери 3,5 кг болуп төрөлгөн экенбиз. Учурда 11-класстын окуучусубуз. Экөбүз эгиз болгонубузга сүйүнөбүз. Сабактарыбызды чогуу аткарып, үй жумуштарын бөлүшүп чогуу жасайбыз. Экөөбүз тең китеп окууга, бийге кызыгып, спорт менен машыгабыз. Волейбол ойноп, мектеп командасынын курамындабыз.

Экөөбүздө кызыктуу учурлар көп болот. Бизди кичинебизден тааныгандар, классташтарыбыз менден Нурперини калымдан айырмалашат. Менин кашымдын үстүндө, бетимде калым бар. Мектептер аралык волейбол боюнча оюндарга барганда бирибиз ойноп бүтүп, экинчибиз чыкканда «бул жаңы эле ойногон» деп чычалагандар көп болот.

Туугандарыбыз дагы «ыйлаагы ким, жоошу ким?» деп сурай беришет. Кичинебизде абдан окшош болуп, бирок мен ыйлаак болуптурмун. Мектепке, оюндарга, бийге окшош кийим киебиз. Ал эми үйдөн ар кандай кийим менен жүрөбүз».

Эгиздер келечекте медайым болууну кыялданышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 510
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×