Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Манастык К.Көкүмова 20дан ашык кыз-келинге чеберчиликти үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну Кипариза Көкүмова 20дан ашык кыз-келинге чеберчиликти үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, бала кезинен эле чеберчиликке кызыгат.

«Өз алдымча сайма сайып, сүрөт чийип отуруп өздөштүрүп алдым. Оймо-чиймелерди өзүм изденип табам. Мен көбүнчө кийиз менен иштейм. Алгач жасала турган нерсенин сүрөтүн чийип алып, кийизге саймасын түшүрөбүз.

Азыркы тапта «Манас» эпосунун каармандарын кийизге түшүрүп жатабыз. Булар 250 сомдон 500 сомго чейин сатылат. Пахта жиптерди 150 сомдон алып келем.

Кол өнөрчүлүктү 20дан ашуун кыз-келиндерге үйрөтүп жатам. Жасаган эмгектерди көргөзмөлөргө алып чыгып сатып турабыз», - деди ал.

Чебер айым 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×