Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.10.2017 16:54

Бала тили — бал: Шайлоодо Атамбайп менен учурашат, - 5 жаштагы Байэл

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой-жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Бакай-Ата районунун Түйтө айылында жашаган 5 жаштагы Доулбеков Байэл.

- Байэл, канча жаштасың?

- 5.

- Үйдөн кимди жакшы көрөсүң?

- Бакыт апамды.

- Апаң сага кайсы тамакты жасап берет?

- Мен камыры узун лагман жакшы көрөм да, апам мага ошону жасап берет.

- Шайлоо деген эмне?

- Шайлоодо Атамбайп менен учурашат.

- Ал ким?

- Президент.

- Сен да шайлоого барасыңбы?

- Ыкыы. Шайлоого мектепти бүткөндөр барат экен. Мен чоң болгондо барасың деди го апам.

- Байэл, сүйүү деген эмне?

- Сүйүү деген кыздарга гүл берет, телефон менен сүйлөшөт.

- Сен кайсы кызга гүл бердиң?

- Мен мектепке окуганда берем да.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Чоңойгондо бокстагыч болом.

- Алар кантип кийинишет?

- Үстүнө майка кийет да, ошондой өңдө чоң колкап кийишет. Ургандачы алардын колкабынан оорубайтта эч жериң.

- Чоңойгондо кандай машина аласың?

- БМВ алып, апамды астына отургузам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×