Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Жубайлар: Эсенгелди ата менен Уул апа 5-6 жолу келген жуучуларга карабай баш кошушкан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылында жашаган жубайлар — 72 жаштагы Сатыбеков Эсенгелди ата менен 70 жаштагы Сатыбекова Уул апа 5-6 жолу келген жуучуларга карабай баш кошушкан.

Уул апанын айтымында, өзү Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын кызы. Жолдошуна 17 жашында турмушка чыккан.

«Жолдошум менен апамдын өкүл апасы тааныштырган. Ал убакта кыз көзгө илингенде эле улам жуучу келе берчү эле. Апам «жаман балага туш келип калбасаң экен, өзүбүз билген журтка туш болсоң экен» деп айтчу. Эжебиз жек-жааттары аркылуу жолдошум менен тааныштырды. Экөөбүз 1 жолу жолуктук. Экинчи жолуккуча эле 5-6 жуучу келди. Экинчи жолукканыбызда чалым ала кетип, үйүнө киргизип алды. Ата-энем «таш барган жеринде оор, таштай катып, суудай сиң» дешти. Келсем кайын эне, кайын атам, абысындарым бар экен. Ал убакта элде оокат аз кези, көп кыйынчылыктар болду.

Жолдошумду жубайы болуп келгенимде тааныдым десем болот. Чалым бир дагы жолу колун же үнүн көтөргөн жок. Түшүнүү менен кыйынчылыктарды жеңип, 6 баланы чоңойттук. Бири-бирибизге ишенип, жылуу сезимдер пайда болду. Кайын энем балдарымды бакты. Төркүнүм жакын болсо дагы апамдын сөзү мыйзам болуп, жолдошум алып бармайынча барган жокмун. Төркүнүмө 1 жылда бир барып, сүйүнүп келчүмүн», - деди Уул апа.

Жубайлар 4 уул, 2 кыз жана 7 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1052
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×