Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Кайыңдыда мукополисахаридоз менен ооруган эгиз балдарга жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын мукополисахаридоз (сөөктөр жана бириктирүүчү ткандар жабыркайт) менен жабыркаган 11 жаштагы эгиз тургундары Абиль жана Равилге айыл өкмөт 30 миң сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кайыңды айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Мээрим Биримкулова билдирди.

Анын айтымында, аталган эгиздерден тышкары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 21 жаштагы Куланова Айпериге 20 миң сом, жалгыз бой жашаган 83 жаштагы Көчөрбаева Айчопо апага 10 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 452
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×