Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуМанас району 05.10.2017 17:44

Кайыңдыда канал тазалап иштеген 168 адамга азык-түлүк таратылды

Turmush -  Манас районуна караштуу Кайыңды айыл өкмөтүндө 168 адамга азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык адиси Мээрим Биримкулова билдирди.

Анын айтымында, Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Нылды айылында канал тазалоого 31 адам иштеп, аларга 7 тонна 604 кг ун жана өсүмдүк майы таратылды. Арал айылындагы каналды тазалаган 21 адамга 5 тонна 45 кг ун, май таратылды. Чеч-Дөбө айылында ички көчөлөргө суу өтүүчү 40 түтүк коюлду. Ал жерде иштегендерге дагы 9 тонна 712 кг ун таратылды.

Жалпысынан социалдык долбордун алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү 168 адам байытылган ун жана май менен камсыздалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×