Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Жеңеке: Паризат жеңе көчөдөн паспортун таап алганда 200 сом сүйүнчү берген жигитке турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылына келин болгон 26 жаштагы Жумабекова Паризат жеңе студент кезинде паспортун таап алган жигитке турмушка чыккан. Жеңекеден аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошунун паспортун Бишкектен тапкан.

«2007-жылы 9-класстан кийин Бишкек педагогикалык колледжинде окуп, кыздар менен чогуу жатаканада жашап калдык. Бир жолу жатакананын алдынан паспорт таап алдым. Кыздарга көрсөтсөм, тайпалаш кызымдын жээни болуп чыкты. Аны чакырып, паспортун бере турган болдук. Ал келгенде «ким тапты?» деп сурады. «Мен» десем, 200 сом сүйүнчү берген. Ал кезде студенттерге 200 сом көп акча болчу. Ал акчаны кыздар менен чогуу коротконбуз. Ошол паспорт аркылуу таанышып калып, жолукканда саламдашып жүрдүк. Андан кийин 3 жылдай жок болуп кетти. Кайрадан социалдык тармактардан табышып калдык. Ал кезде мен шаарда №68 мектепте мугалим болуп иштеп баштадым. Жолдошум Москвада иштеп жаткан экен. Ал телефон чалып, сүйлөшүп, кат жазышып жүрдүк. Ошол учурда эле үйлөнүү жөнүндө сунуш киргизди. Мен макул болуп, 2013-жылы үйлөндүк», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле келин болуп келгендеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Туулган күнүм болуп калды. Манты жасап, үйдөгүлөрдү тамакка чакырдым. Бир күзгүгө каранып коеюн деп көрүнсөм бир сөйкөм жок. Ал чоң апамдардан калган сөйкө эле. Турмушка чыкканда үйдөгүлөр белекке берген. Сөйкөнү тамак жасаш үчүн арчылган пияз-картошкалардын кабыктары салынган баштыктарга чейин издеп чыктым. Атамдын (кайын атасы) көзү тирүү эле, ал да тамак жебей төшөктөрдүн шейшептерине чейин чыгарып издешип калды. Үйдө бардык жерди карап чыгып, акыры деп үмүтүбүздү үзүп, издебей калдык. Кечинде жоолугумду чечсем, сөйкөм ичинен чыкты. Көрсө эртең менен эле чачыма түйүп койгон экенмин. Биринчи эле атама «таптым» деп сүйүнчүлөдүм. Бирок уялып, «чачымдан чыкты» деп айта албай койгом», - деди ал.

Паризат жеңе жолдошу экөө 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×