Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Мектеп директору Б.Мүсүралиева кесиптештери менен волейболдо ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Кара-Ой айылындагы мектептин 52 жаштагы директору Бактыгүл Мүсүралиева кесиптештери менен спортто да ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, орус тилчи мугалим.

«1983-жылы Кара-Ой айылындагы Көк-Арык орто мектебин аяктадым. Ошол жылы эле Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты институтуна тапшырып, 1988-жылы аяктадым. Ошол жылдан тарта эле өзүмдүн айылымда мугалим болуп эмгектенип келем. Көк-Арык мектебине иштегени келгенде 8-класска сабак берип калдым. Ошол куракта өткөөл курак болуп, окуучулардын көөп турган учуру экен. Ойноп жүрүшүп, сабакка кечигип киришти. Мен өзүм абдан тартипке тартчумун. Башында мени жашсынтып, тоготпогондой болушту. Бирок аз убакыттан кийин окуучулардын эң корккон мугалими мен болгом.

Мектепте өтө бейбаш окуучубуз бар эле. «Тынч отур, сабак оку» десем класстан чыгып кетти. Бирок кийин бир нече жылдан соң кечирим сураган. Мугалимдик кесип ушундай экен. Окуучуң ойлонсо кошо ойлонуп, анын келечегине көпүрө болгон соң ошондон татыктуу өткөрсөм дейт экенсиң. Түшүнүп, көңүлүмдү жылыткан балама да абдан ыраазы болгом. 30 жылдык тажрыйбамда окуучулардын психологиясын абдан жакшы билип калдым. Сабагыңды мыкты деңгээлде билип, окуучу менен тил табыша алсаң гана окуучунун сыйына ээ болосуң, сени сыйлаган окуучу, сабагыңды дагы сыйлап окуйт», - деди ал.

Мугалим мектептин директору болуп иштей баштаганына 15 жылдын жүзү болду. Кесиптештери менен бирге волейбол ойноп, райондук мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келе жатышат.

«Мектепте мугалимдер арасында спортту дагы кошо алып жүрөбүз. Жалпы 10 айым мугалимден турган команданын капитанымын. Райондо эң алдыңкы командабыз. Жыл сайын Ысык-Көлдө өткөн спартакиадагы катышып, алдыңкы орундар менен келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×