Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык М.Тогонбаев 150 миң сомдук айкелдерди жасайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 48 жаштагы тургуну Миржан Тогонбаев адамдардын 150 миң сомдук айкелдерин жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кара-Буура районунун Шекер айылында Гүлсарат менен Танабайдын эстелигин тургузуп жатат.

«Аты чыккан адамдардын айкелдерин жасатышат. Өздөрү баалап, мен макул болом. Портреттер 150 миң сомго чейин жасалат», - деди ал.

Айкелчи С.Чокморов атындагы кол өнөрчүлүк окуу жайында чопого сүрөт түшүрүү бөлүмүн, кийин Көркөм сүрөт академиясынын айкелчи бөлүмүн аяктаган.

«Эң биринчи эмгегим өзүмдүн кичи мекеним Көпүрө-Базар айылындагы кулжанын айкели болду. Кирип келе жатканда Киндик-Таш деген жолдон бөлүнгөн жерге кулжанын айкелин тургуздук. Айыл тургундары, жердештерим кеңешип, бул ишти мага тапшырышкан. Дос балдарым жардам беришти. Бийиктиги 3 метр 70 см болгон эстелик 1 айдын ичинде тургузулган болчу», - деди ал.

Айкелчи жубайы Нурила Турусбекова экөө 5 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 879
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×