Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

102 жаштагы Найман ата — Талас районундагы жашы эң улуу ардагер

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 102 жаштагы тургуну Найман Раимканов райондогу эң улуу ардагер. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Анарбек Кушубековдун айтымында, айыл өкмөттө 70 жаштан ашкан 154 адам жашайт. Карыларга кам көрүү боюнча 1 айлыктын алкагында аларга материалдык жардамдар берилип жатат.

Ардагерлердин эң улуусу Найман Раиканов согушка 1943-жылы августта аттанган. Венгриядагы салгылашта жарадар болуп, Харьковдо 4 ай дарыланган. Андан соң чыгышка япондор менен болгон согушка аттандырышкан. Бирок Ростовго жеткенде япондор жеңилгенин угуп, 1925-жылдын 25-сентябрында айылына кайтып келген. Пенсияга чыкканга чейин Манас жана Талас райондорунда малчы болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 279
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×