Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

14 жылга эркиндик: Сот тыюу салынган адабияттар үчүн камалган 11 баланын кош бойлуу энесин бошотту (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Ысык-Көл облустук соту тыюу салынган адабияттарды сактагандыгы үчүн Түп райондук соту тарабынан 3 жылга соттолгон 11 баланын кош бойлуу энеси Назира Асаналиеванын ишин карады. 

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, сот отурумунда Н.Асаналиеванын үйүнөн 10го жакын диний адабияттар табылганы жана анын бири тыюу салынган китеп экени айтылды. Жыйынтыгында облустук сот Түп райондук сотунун Н.Асаналиеваны 3 жылга камоо чечимин күчүндө калтырып, бирок ага өзгөртүү киргизди. Н.Асаналиеванын эмчектеги баласы бар экени эске алынып, ал 14 жашка чыкканча жазаны өтөө мөөнөтү жылдырылып, сот залынан бошотулду.

«Түп райондук сотунун 2017-жылдагы 26-сентябрындагы чечими өзгөртүлсүн. Асаналиева Назира КРнын Кылмыш-жаза-кодексинин 299-беренесинин биринчи бөлүмү (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү) боюнча чектелген жазасы 2016-жылдын 17-сентябрында төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканга чейин токтотулсун. Н.Асаналиева сот залынан эркиндикке бошотулсун», - деди сот.

Сот залынан чыккан Н.Асаналиева балдарын сагынганын айтып, көзүнө жаш алды.

 Буга чейин Ысык-Көл облустук сотунун алдына Назира Асаналиеванын бир туугандары жана жакындары чогулуп, аны бошотууну суранышкандыгы маалымдалган.

Жолдошу Нурмат Асаналиевдин айтымында, 26-сентябрда Түп райондук соту тыюу салынган китептерди сактайт деп жубайын 3 жылга эркинен ажыраткан. Мындай чечимге алар нааразы болуп, облустук сотко кайрылышкан.

«Апам Назира Асаналиеваны мыйзамсыз камап салышты. Китеп биздики экени да далилденген жок. Кечинде апамды сагынып барыбыз ыйлайбыз. Кичинекей бир туугандарым дагы ыйлайт. Бешөөбүз мектепте окуйбуз. Апам камалгандан бери мектепке барбай калдык. Бала бага турган киши жок. Апамды бошотуп бергиле», - деп билдирген кызы Ажара.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11 баланын кош бойлуу энеси тыюу салынган адабияттарды сактагандыгы үчүн 3 жылга соттолгону маалымдалган.

Жолдошу Нурмат Асаналиевдин маалыматына караганда, үй-бүлөсү Түп районунун Ой-Булак айылында жашайт. Анын 42 жаштагы жубайы Назира Асаналиева 15 жылдан ашык убакыттан бери намаз окуйт. Алардын 11 баласы бар жана учурда жубайы кош бойлуу. Аталган үй-бүлө чакан чарба менен алектенип, алма бакты ижарага алып иштетет.

Анын айтымында, үйүнө 5-март күнү болжол менен саат 07:00 чамасында УКМКнын жана Түп РИИБдин кызматкерлери келип, текшерүүгө уруксат кагазын көрсөтүп, үйдү тинтүүгө алган. Текшерүү учурунда үйдүн ичинен анын жубайы жана балдары окуган 10го жакын китеп табылган.

«Китептердин бардыгына муфтияттын мөөрү басылган. Үйүбүздө тыюу салынган китептерди сактаган эмеспиз. Бирок алар «Хизб-ут Тахрирге» тиешелүү болгон «Ислам Шахсиясы» деген тыюу салынган китепти көрсөттү. Бул кырдаал үй-бүлөбүзгө жана балдарыбызга таасирин тийгизбеши үчүн жубайым китеп өзүнүкү экендигин билдирди. Бирок чындыгында андай эмес. Сот жубайыма 2 ай айылдан чыкпай туруу чечимин чыгарган. Ушул жылдын 26-сентябрында райондук сотто отурум болуп, жубайымды 3 жылга эркинен ажыратты. Биз бул чечимге каршыбыз. Биринчиден, аталган китеп бизге тиешелүү эмес. Экинчиден, биз айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бирибиз. Айыл эли сыяктуу жашап, балдарыбыз эч нерсеге муктаж эмес, бардыгы жетиштүү. Назиранын 3 айлык боюнда бар жана кичүү кызыбыз болгону 1 жашта. Сот отурумунда кошуналарыбыздын, жакындарыбыздын бизге берген мүнөздөмөсүн жана УЗИнин кош бойлуулук тууралуу тыянагын көрсөттүк. Бирок сот буларды эске албай, жубайымды 3 жылга эркинен ажыратты», - деген ал.

99

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
18:48, 09 октября 2017
Хизбутчуларго үйбүлөөсү менен жоолук салынгандары башкача?
Көп окулду
×