Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 10.10.2017 08:32

Эгиздер: 29 жаштагы Жаныш менен Байышты туугандары азыр да айырмалай алышпайт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында жашаган 29 жаштагы эгиздер — Садык уулу Жаныш менен Байышты туугандары азыркыга чейин айырмалай алышпайт. Аймактык кабарчы Жаныш Садык уулу менен таанышты.

Анын айтымында, түгөйү Байыштан 20 мүнөткө улуу.

«Экөөбүз бири-бирибиз менен урушпай, ээрчишип чоңойдук. Үйдөн жумуштарды бөлүшүп, сабактарды чогуу аткарчубуз. Окшоштугубузду колдонуп, менин ордума Байыш сынакка киргени эсибизден кетпейт.

Балдар тийишкенде биз чогуу болуп, алар таяк жеп калышчу. Мен биринчи үйлөндүм. 1,5 жылдан соң Байыш үйлөндү. Анын келинчеги мени «аке», жубайымды «жеңе» дейт. Мурун туугандарыбыз экөөбүздү айырмалай албай, экөөбүздүн тең атыбызды аташчу. Азыр мен жубайым менен Бишкек шаарында жашайм. Эгизим айылда болгондуктан бетибиздин өңүнөн айырма болуп калды», - деди ал.

Жаныш Садык уулу 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×