Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Султанов 6 миң сомдук сандыктарды жасайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 41 жаштагы тургуну Абай Султанов 6 миң сомдук сандыктарды жасап сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көбүнчө кыздардын себине арналган сандыктарды жасайт.

«Устачылык өнөргө жакын болуп чоңойгондуктан өзүм өздөштүрүп алгам. 10 жылдан бери ушул иш менен алектенип келем. Көбүнчө күз айларында буйрутмалар көп түшүп турат. Сандыктарды ламинат материалы менен жасайм. Бир жумада 10 сандык жасайм. Мага көбүнчө кыздар келип, себине өздөрү каалагандай кылып буйрутмаларды берип кетишет», - деди ал .

Уста жубайы менен 4 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×