Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык А.Субанбеков бөдөнө жана декалб тоокторду багууда (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 32 жаштагы тургуну Азамат Субанбеков бөдөнө жана декалб породасындагы тоокторду багууда. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Анын айтымында, кесиби — жол коопсуздугу боюнча инженер. Бөдөнө багуудан тышкары 1 гектар жерге кара өрүк, малина өстүрөт.

«Чакан инкубаторум бар эле, ага бөдөнөнүн 200 жумурткасын бастырдым. 16 күндө 200 жумурткадан 180 бөдөнө чыгып, биринчи тажрыйбам болду. Бөдөнө бат чоңойот экен. 45 күндө жумуртка бере башташат. 2 айда тегиз жумуртка берип калышат. Учурда ак түстөгү эстон бөдөнөсү менен күрөң түстөгү манджур бөдөнөсү бар. Эти дагы, жумурткасы дагы абдан пайдалуу. Үй-бүлөмө жакшы азык болууда.

Бөдөнө менен катар жумуртка багытындагы декалб породасындагы тоокторду багам. Алар мойну узун, ак түстө болушат. Жумурткасынын салмагы 52 граммдан 62 грамга чейин болот.

Жумурткаларды кошуналарыбыз алып турушат. 70 бөдөнөгө 1 күндө 2 кг жем берсек, тооктор 11 кг жем жешет», - деди ал.

Фермер жубайы Дилбара Каныбекова экөө 1 уул, 1 кызды тарбиялашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×