Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Жаш талант: С.Орумбеков ойлоп табуучулугу менен сынактарга катышып келет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 16 жаштагы тургуну Сыймык Орумбеков ойлоп табуучулук өнөрү менен сынактарда ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы жаш уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыркы заманда чыга элек буюмдарды ойлоп табууну максат кылат.

«Менин атам техника оңдоп, трактордун шаймандарын жасайт. Өзүм кичине кезимден бери техникага кызыгып келем. Кол өнөрчүлүк сабагынан кайык жасап барсам мугалимдер таң калуу менен баа беришип, «райондук, облустук сынактарга катыш» деп алып бара башташты. Ал жерден атаандаштарымдын жасаган буюмдарын көрүп, алардан да жакшысын жасоого аракет кылдым. Жазында өткөн республикалык сынактан 4-орунду алып келдим. Ал жерде универсалдуу техника жасадым. Аны 1 жумада бүтүрдүм. Эгер материал даяр болсо ойлогон техниканы 1 күндө жасап коём», - деди ал.

Сыймык үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 334
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×