Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Таласта көмүрдүн 1 тоннасы 5,5 миң сомго чейин сатылууда

Turmush -  Талас шаарында көмүрдүн 1 тоннасы 5,5 миң сомдон сатылууда. Бул тууралуу сатуучулар билдирди.

Учурда көмүрдүн баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбат болууда. Шабыркүл, Каражыра көмүрлөрүнүн 1 тоннасы 5,5 миң сомдон, Кара-Кече көмүрү 4,5 миң сомдон, Майлуу-Сайдан келген көмүр 3 миң сомдон сатылууда.

«Бир жума мурун күн суук болгонго жакшы сатылган. Азыр кайрадан суроо-талап азайып калды. Бир күндө 1 тоннадай гана көмүр сатылып жатат», - дешти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 28 адам окуп жатат)
×