Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук А.Кадыркулов ат чабыштарда унаа уткан күлүк байталды таптап жатат (фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Жал айылынын 37 жаштагы тургуну Адилет Кадыркулов Ысык-Көлдө өткөн ат чабышта күлүк байталы менен унаа утту. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, 3 жаштагы Кундуз аттуу байталы менен 2 жылдан бери ат чабыштарга катышып келет. Жакында эле Тоң районунда өткөн Алыбек баатырдын 230 жылдык мааракесиндеги ат чабышта 1-орунду ээледи.

«Күлүк суутуп, мелдештерге катышып жатканыма 2 жыл болду. Эң алгач Ысык-Атада өткөн мелдешке катышып, 3-орунду алдым. Андан кийин Чолпон-Атада өткөн ат чабышта 1-орунда алгам. Сокулуктун 1-Май айылында да мелдеш болуп, ал жактан аламан жарыштан 1-чыгып келгенбиз. Быйыл жазында өткөн мелдештен 5-орунду алсам, жакында эле Тоң районунда өткөн Алыбек баатырдын 230 жылдыгына арналган мааракеде аламан жарышка түшүп, биринчи болуп чыктык. Байгесине «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа беришти. Тоңдун эли да жакшы экен. Күлүп-жайнап, байгебизди берип узатып жиберишти. Келечекте асыл тукум күлүк аттарды таптаган ферма салайын деген оюм бар», - деди ал.

Каарманыбыз саяпкерликтен тышкары эмерек жасаган чакан цех иштетет. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 796
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 44 адам окуп жатат)
×