Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуБакай-Ата району 15.10.2017 13:05

Боо-Теректеги №6052 шайлоо тилкесинде 560 адам добуш берди

Turmush -  Саат 12:50гө карата Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы №6052 шайлоо тилкесинде катталган 2222 шайлоочунун ичинен 560 адам добуш берди. Бул тууралуу аталган шайлоо участкасынын төрагасы Токтогул уулу Илбирсбек билдирди.

Анын айтымында, шайлоо участкасы саат 8:00до ачылган.Тартип бузуулар катталган жок. Бардыгы өз нугунда иштеп жатат.

Буга чейин аталган айылдагы экинчи №6054 шайлоо тилкесинде электрондук урна бюллетень салына электе бузулуп, кайра оңдолгону маалымдалган.

Шайлоо тилкесинин төрагасы Керимбек Калмырзаев бузулган урнага запаста турган жабдыктар тагылып, саат 9:14тө оңдолуп, иштей баштагандыгын билдирген.

«Шайлоо тилкесинде саат 9:20дан тарта 10:40ка чейин 125 адам добуш берди», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×