Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 16.10.2017 15:51 На русском

Видео — Таласта топтолгондорго Ө.Бабановдун иниси Көпжашар Бабанов келди

Turmush -  Бүгүн, 16-октябрда Талас шаарындагы борбордук аянтта президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун тарапташтары топтолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Чогулгандар саат 14:20да Сарыгулов көчөсү менен борбордук базарга чейин барып, андан кийин Мырзагулов көчөсү менен борбордук аянтка кайтып келишти.


Топтолгондор саат 14:45те өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына келишти.

Саат 15:30да Талас шаарындагы чогулгандардын алдына Ө.Бабановдун иниси Көпжашар Бабанов чыгып сүйлөдү. Ал элди чагымчылдыкка алдырбай тынчтык менен тарап кетүүгө чакырды. 

Саат 16:00 чамасында топтолгондорго өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Даир Кенекеев менен Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков чыкты. Даир Кенекеев өз сөзүндө Талас облусунда шайлоо таза өткөндүгүн айтты.

«Мен силерге кепилдик берем. Таза шайлоо болду. Кайдагы бир 1000, 2000 сомдор жөнүндө айтып жатышат... Мындай болсо шайлоонун жыйынтыгы такыр башкача болмок. Фейсбуктагы менин жеке баракчама Ө.Бабановдун тарапташтары административдик ресурс жөнүндө айтып, эмнеге чара көрбөй жатканымды сурашты. Мен «жок дегенде бир факты көрсөткүлө, мен дароо иштен алам», дедим. Бир дагы факт катталган жок. Чыдап, шайлоонун жыйынтыгын күтөлү», - деди ал.

Саат 16:23кө карата Бабановдун тарапташтары таркабай турушту. Алар өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын астында турушат.

Буга чейин түшкө жакын Талас шаарындагы борбордук аянтта президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун тарапташтары топтолгон. Анын штабынын жанында жүздөгөн адамдар, 10го жакын кичи автобус жана 60ка жакын жеңил унаа токтогон.

Ал эми, Өмүрбек Бабанов бүгүн, 16-октябрда өзүнүн Бишкектеги штабындагы маалымат жыйында Таласта эч кимди топтобогондугун билдирди. Ал өзүнүн шайлоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө журналисттердин бири Таласта адамдар топтолуп жаткандыгы тууралуу билдирди.

«Балким сиздерде ушундай маалымат бар. Менде мындай маалымат жок. Мен эч кимди чогулткан жокмун», - деди Ө.Бабанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×