Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 17.10.2017 17:42

Таластагы лицейдин 10 окуучусу ууланып, ооруканага кайрылды

Turmush -  Кечээ, 16-октябрда түндө «Манас-Ата. Себат» лицей-комплексинин 10 окуучусу уулануунун белгилери менен Талас облустук биргелешкен ооруканасына кайрылышты. Бул тууралуу оорукананын дарыгери Шаршенбек Жумашалиев билдирди.

Анын айтымында, уулануу кечки тамактануудан кийин болгон. Түндө саат 23:30 чамасында ооруканага 4 окуучу келип, түнү менен текшерилип, эртең менен кетишкен. Таңга маал дагы 4 окуучу келип, алар да текшерилип кеткен. Алардан соң дагы 2 окуучу келип, көзөмөлдөн өтүшкөн.

Учурда уулануунун себептерин тактоо аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×