Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 18.10.2017 15:14

Таласта ууланган окуучулардын абалы жакшы, - дарыгер

Turmush -  «Манас-Ата. Себат» лицей-комплексинин 16-октябрда ууланган окуучуларынын абалы жакшы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Талас облусунун биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Шаршенбек Жумашалиев билдирди.

«Жалпы 11 окуучу дарыланып чыкты. Акыркы баланы эртең менен көрүп кайттым, абалы жакшы», - деди ал.

Балдардын ууланышы боюнча окуу жайдын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Аймактык кабарчы бүгүн, 18-октябрда эртең менен саат 9:00дө, андан кийин 12:00дө окуу жайга барган, бирок мектептин кароолчусу киргизген жок. Күзөт кызматкерлери мектеп кызматкерлери иш ордунда жоктугун билдиришти.

Окуя тууралуу:

16-октябрда түндө «Манас-Ата. Себат» лицей-комплексинин 10 окуучусу уулануунун белгилери менен Талас облустук биргелешкен ооруканасына кайрылышканы белгилүү болгон.

Оорукананын дарыгери Шаршенбек Жумашалиев уулануу кечки тамактануудан кийин болгондугун билдирген. Түндө саат 23:30 чамасында ооруканага 4 окуучу келип, түнү менен текшерилип, эртең менен кетишкен. Таңга маал дагы 4 окуучу келип, алар да текшерилип кеткен. Алардан соң дагы 2 окуучу келип, көзөмөлдөн өтүшкөн.

Уулануунун себептерин тактоо аракеттери көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×