Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 19.10.2017 10:50

Таластагы лицейде 35 окуучунун уулануусунун себептери такталып жатат

Turmush -  Талас шаарындагы «Манас-Ата. Себат» лицей-комплексинин 35 окуучусу тамак-аштан ууланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы шаардын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ж.Аскарбековдун билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Анын айтымында, 17-октябрь күнү ууланган 10 окуучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына кайрылып, анын ичинен 6 окуучу медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген. 4 окуучу 18-октябрда ооруканадан чыгарылды.

Ошондой эле, жеңил ууланган 25 окуучунун абалы дарыгерлер жана лицейдин мугалимдери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Учурда шаардын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында уулануунун себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

16-октябрда түндө «Манас-Ата. Себат» лицей-комплексинин 10 окуучусу уулануунун белгилери менен Талас облустук биргелешкен ооруканасына кайрылышканы белгилүү болгон.

Оорукананын дарыгери Шаршенбек Жумашалиев уулануу кечки тамактануудан кийин болгондугун билдирген. Түндө саат 23:30 чамасында ооруканага 4 окуучу келип, түнү менен текшерилип, эртең менен кетишкен. Таңга маал дагы 4 окуучу келип, алар да текшерилип кеткен. Алардан соң дагы 2 окуучу келип, көзөмөлдөн өтүшкөн.

Андан кийин:

18-октябрда оорукананын дарыгери Шаршенбек Жумашалиев ууланган окуучуларынын абалы жакшы экендигин кабарлаган.

«Жалпы 11 окуучу дарыланып чыкты. Акыркы баланы эртең менен көрүп кайттым, абалы жакшы», - деген ал.

Балдардын ууланышы боюнча окуу жайдын жетекчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон эмес. Аймактык кабарчы 18-октябрда эртең менен саат 9:00дө, андан кийин 12:00дө окуу жайга барган, бирок мектептин кароолчусу киргизбей койгон. Күзөт кызматкерлери мектеп кызматкерлери иш ордунда жоктугун билдиришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×