Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 25.10.2017 12:20 На русском

Талас облусуна ким жетекчи болот? Ысымы аталган 3 талапкер

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болушу мүмкүн делген 3 адамдын – Зарылбек Рысалиев, Айбек Сүйүнтбеков, Марат Мураталиевдин ысымдары айтылууда.

Зарылбек Рысалиев өткөн жумада «Республика – Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп, ант берген. Ал депутаттык мандатты мурдагы депутат Нургазы Нишановдун ордуна келип алган. З.Рысалиев учурда 56 жашта.

Главное фото

Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович — «Альфа Телеком» ЖАКтын (MegaCom) Таластагы филиалынын директору, КСДП партиясынын облустук координатору, Талас шаардык кеңешинин депутаты. Учурда 38 жашта.

Айбек Суйунтбеков

Мураталиев Марат Молдалиевич — Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Байымбет Мураталиевдин (2006-2008-жылдар) иниси. 50 жаштагы М.Мураталиев учурда Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси.

Сүрөттө солдон оңго карай Байышбек Жуманазаров, Байымбет Мураталиев, Даир Кенекеев жана Марат Мураталиев.

Мураталиев Мурат 1

Буга чейин Талас облусунун жетекчиси болуп келген Даир Кенекеев КРнын вице-премьер-министри кызматына талапкер болууда. Анын талапкерлигин бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеш жактырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×