Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 21.05.2018 16:25 Жаңыланды: 27.11.2018 12:45

Айыл турмушу: Кара-бууралык К.Эшиев көк бөрү боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 35 жаштагы тургуну Карыпбек Эшиев көк бөрү боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, көк бөрүгө кичинесинен эле кызыгат.

«Профессионалдуу оюнчу болуп 23 жашымдан тарта ойноп баштадым. Былтыр 9-майда «Эң мыкты оюнчу» наамын алдым. Андагы мелдешке 11 команда чыккан. Кыргызстандын чемпионатында 2005-2007-жылдары катары менен утканбыз. Эң биринчи 19-20 жашымда «Ынтымак» командасында ойноп чемпион болгонбуз. «Рассвет» аттуу командада чыгып жүргөндө 5 миң долларлык унаа утсак, 30 жашымда таластык акелерибиз «Таластын атынан чап» деп үй алып беришти.

Биздин жакшы аттарды саяпкерлер таптайт. Демөөрчүлөрдүн аттарын чабабыз. Азыркы учурда бир оюнга 1 айдан 2 айга чейин даярданабыз. Былтыр Казакстанга ЭКСПОго барганыбызда 2 ай даярданганбыз. Ал жактан 2-орунду алдык. Кыргызстандын курама командасы менен оюнга 2 жолу чыктым. Кыргызстандын 6 жолку чемпиону болгом. Эң кызыктуу оюн 9-майда финалда болгон эле. Анда атаандашыбызды 1:0 эсебинде жеңгенбиз. Ошол улакты тайказанга өзүм салгам», - деди ал.

Көк бөрүчү жубайы Бибинура айым экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат. Уулу да улакчы болууга кызыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×